БШК шайлоолордун алдын ала жыйынтыгын жарыялады

БШК шайлоолордун алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, “Биримдик” партиясы добуштардын 24,53 пайызын, “Мекеним Кыргызстан” 23,9, “Кыргызстан” 8,74 пайыз, “Бүтүн Кыргызстан” 7,09 пайызын алып, жети пайыздык босогодон өттү.

 

Добуш бергендердин 1,8 пайызы баарына каршы добуш беришти. Шайлоодо өлкө боюнча 2 миң 430, чет мамлекеттерде 45 тилке иштеди. Шайлоого катышкандардын саны боюнча Ош шаары алдыда. Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында да активдүүлүк байкалды.