Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 17-20-май аралыгында өтөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 17-20-май аралыгында өтөт. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

 

Анын айтымында, кененирээк маалымат борбордун сайтында жеткиликтүү. Белгилеп кетсек, кошумча каттоо өз убагында жетишпей калгандар үчүн каралган процедура. Негизги каттоо 9-апрелде жыйынтыкталды.