Бишкекте чуңкурларды бүтөө иштери башталды. Мэриянын маалыматына ылайык, кечээ асфальт-бетон заводу ишке кирип, 35 тонна асфалбт даярдалды. 10-мартка карата Абдрахманов-Чүй, Чүй-Павлов, Орозбеков-Абдымомунов, Панфилов-Чүй көчөлөр кесилишиндеги чуңкурлар бүтөлдү.
Ошондой эле, Фрунзе-Абдрахманов тилкеси иретке келтирилди. Шаар тургундарынан кайра калыбына келтирүү иштери боюнча арыздарды кабыл алуу уланууда.