Камсыздандыруу келишимин эми онлайн түзсө болот

Камсыздандыруу келишимин эми онлайн түзсө болот. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, жаңычылдык жарандарга агенттин катышуусу жок, атайын кеңсеге барбай эле интернет аркылуу макулдашуу түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

 

Бул бардык процедураларды жеңилдетип, камсыздандырууну жайылтууга жол ачат. Жарандык кодекске тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү демлгеси коомдук талкууга чыгарылды.