Бишкектин жаңы конуштарында көчө жарыгын орнотуу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы шамчырактар Жеңиш, Калыс-Ордо конуштарында пайда болду.
Ошондой эле, көчө жарыгын оңдоо иштери Ак-Босого, Аска-Таш, Мурас-Ордо, Касым, Тынчтык, Алтын-Бешик конуштарында жүрүүдө. Мэриядан белгилешкендей, шамчырактарды орнотуу боюнча арыздар “Бишкексвет” муниципалдык ишканасында кабыл алынат.