Бишкек-Торугарт унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилет

Бишкек-Торугарт унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 23-24-мартта трассанын 107-108-109-чакырымдарында таштарды бургалоо иштери аткарылат.

 

Андыктан, эртең мененки саат 8ден түнкү 10го чейин унаалар бул тилкеден өткөрүлбөйт. Айдоочулар үчүн альтернативалык жол жеткиликтүү.