Бишкек жана Наманган шаарларды жашылдандыруу тармагында кызматташат

Бишкек жана Наманган шаарларды жашылдандыруу тармагында кызматташат.

Мэриядан билдиришкендей, тараптар көрктөндүрүү боюнча үзгүлтүксүз маалымат жана тажрыйба алмашууга көмөктөшүү боюнча документке кол коюшту.

Ошондой эле, Өзбекстан менен ордо калаага 500 миң гүл тартуулоо келишими түзүлдү.

Аны отургузуу үчүн коңшу мамлекеттен 100 багбан келет.