ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Бишкекке келди.
Ал 26-майда Биринчи Евразия экономикалык форумуна, 27-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйындарына катышат.
Белгилеп кетсек, 26-майда өтө турган экономикалык форумга 15 өлкөдөн 2,5 миңден ашык адам катышат.
Форум коронавирус пандемиясына байланыштуу тыныгуудан кийин ЕАЭБдеги ири бизнес иш-чараларынын бири болмокчу.
Анын алкагында 35 иш-чара өтөт.
Жыйын Евразия экономикалык биримдигинин өлкө башчыларынын катышуусундагы пленардык жыйынды, андан тышкары 21 тематикалык сессияны камтыйт.