Каттоого алынбай калгандар үчүн түз байланыш кызматы иштеп баштады

Каттоого алынбай калгандар үчүн түз байланыш кызматы иштеп баштады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өнөктүктүн биринчи этабында кайсы бир себептен улам каттоого алынбай калгандар 1216 кыска номерине чалып, жеке маалыматын тапшыра алат.

 

Эске салсак, өлкөнүн эл жана турак жай фондун каттоонун биринчи этабы 25-мартта башталып, 3-апрелде аяктаган. Алыскы тоолуу райондорду камтый турган экинчи этап 23-апрелде башталып, 2-майда жыйынтыкталат.