Атамбаев текшерүүдөн өтүү үчүн кардиологиялык борборго алып келинди

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев текшерүүдөн өтүү үчүн кардиологиялык борборго алып келинди.

Бул тууралуу маалыматты “Кабар” агенттигине Жазаларды аткаруу кызматынан ырасташты.

Маалыматка ылайык, Атамбаев Саламаттык сактоо министрлигинин уруксаты менен кардиологиялык борборго алынып келди.

“Мурдагы президентти медициналык мекемеге алып баруу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөтмөсүн күтүп жатканбыз.

Ал келери менен кардиологиялык борборго алып бардык”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев Атамбаевди кардиологиялык борборго текшерүүгө жөнөтүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Жазаларды аткаруу кызматынын дарегине көрсөтмө берилиши керектигин билдирген.