Бишкекте ысык суу 1-июндан тарта өчүрүлөт. Бул тууралуу novosti.kgге ордо калаа мэриясынан билдиришти. Андан такташкандай, буга чейин ысык сууну 15-майда өчүрүү пландалган, бирок пандемияга байланыштуу, мөөнөттү жылдыруу чечими кабыл алынган.
Адатта, ысык суу 1 айга өчүрүлөт. Бул убакта жылуулук тармактары кышка даярдыктан өткөрүлүп, оңдоо иштери жүрөт.