Учурда иштеп жаткан мекемелер кызматкерлерин ташууга унаа уюштуруп бериши керек

Учурда иштеп жаткан мекемелер кызматкерлерин ташууга унаа

уюштуруп бериши керек. Өкмөт тарабынан чыккан буйрукка ылайык,

кызматкерлер иштеген жеринен маалым кат алып жана иш графигин,

маршруттук баракчасын жанына салып жүрүшү зарыл. Ал эми аларды

ташыган айдоочуда кызматкерлердин тизмеси болушу шарт.

Учурда ордо калаада азык-түлүк, дары-дармек, күйүүчү майларды

ташуучулар, күзөт ишканалары, бажы уюмдары, коомчулук менен

байланышты тейлөөчүлөр, медициналык кызматкерлер жана

укук коргоо органдары иштеп жатышат.