Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды. Конституция боюнча Референдумду 2021-жылдын 10-январында өткөрүү пландалууда.

 

Баш мыйзамга сунушталып жаткан башкы жаңычылдык – Элдик Курултай институтун киргизүү болушу мүмкүн. Аны түзүү укугу Президентке гана таандык болот. Ал эми Жогорку Кеңештеги депутаттардын саны 120дан 90го чейин кыскартылышы сунушталды.

 

Жаңы Конституция боюнча президент аткаруучу бийликти башкарат. Ал 5 жылга шайланат, ошондой эле, экинчи мөөнөткө шайлануу мүмкүнчүлүгү дагы бар болот.