Кыргызстанда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча уникалдуу уюлдук тиркемелер иштелип чыкты

Кыргызстанда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча уникалдуу уюлдук тиркемелер иштелип чыкты. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей,  iGov жана Sanarip ID тиркемелери аркылуу кыргызстандыктар өзүнүн санарип кол тамгасын пайдаланып бардык мамлекеттик кызматтарды колдоно алат.

 

Мисалы, мектепке же ооруканага кезекке жазылса болот.

 

Андан тышкары, банк кызматтарын, электрондук капчыктарды, жол инспекторлоруна айдоочулук күбөлүгүн жана транспорттун каттоосу боюнча күбөлүктү көрсөтө алат.