Кыргызстанда жумушсуз жарандардын саны былтыркыдан 2 пайызга аз

Кыргызстанда жумушсуз жарандардын саны былтыркыдан 2 пайызга аз.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, иш издеген жарандардын саны 97,5 миң адамды түзөт.

Ал эми жөн гана жумушсуз катары 78 миң кыргызстандык каттоодо турат. Алардын 52 пайызын эркектер түзөт.

Кошумчаласак, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жумуш издеген жарандарга карата атайы сайт иштеп чыккан.

Иш издегендер андагы вакансиялар, акы төлөнүүчү коомдук иштер жана

жумушсуздук боюнча жөлөк пул тууралуу маалымат ала алышат.