Нью-Йорк дүйнөнүн эң бай шаарларынын тизмесинде биринчи орунга чыкты

Нью-Йорк быйыл дүйнөнүн эң бай шаарларынын тизмесинде биринчи орунга чыкты. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, мегаполисте 350 миңге жакын миллионер жашайт.

 

Рейтингде экинчи орунду Сан-Франциско ээледи. Ал жерде 306 миң миллионер бар. Үчүнчү орунда 298 миң менен Токио турат. Алдыңкы бештикте Сингапур – анда 244 миң миллионер жашайт жана Лондондо – 227 миң миллионер бар.