Кыргызстанда эртеңден тартып күн жылыйт.
Кыргызгидрометтен билдиришкендей, жаансыз күндөр 10-апрелге чейин сакталат.
Ага чейин термометр мамычалары күндүз +23 градуска чейин жетет. 11-апрелден
13үнө чейин өлкөдө кайрадан жаандуу күндөр кайтып келет.
Абанын табы күндүз +10 градустан жогорулабайт.