Жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү этабынын жыйынтыгы 4-июлда белгилүү болот.
Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди. Анын айтымында, кеч тест Бишкек жана Ош шаарларында, 24-25-июнда өттү.
Ага негизги тестирлөөгө катыша албай калган 1 миң 31 адам катышты. Эске салсак, ЖРТнын негизги этабы майдын аягында өтүп, ага 47 миңден ашык бүтүрүүчү катталган.