Россиянын дагы төрт шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат

Россиянын дагы төрт шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу  “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Жаңы багыттар Казань Нижний Новгород, Самара жана Пермь шаарларынан аткарылат.

 

Бул калаалардан аба кемеси жумасына бир жолу учуп турат. Каттамдардын жүгүртмөсү аэропорттун сайтында жеткиликтүү.