Түркиядагы калың карга байланыштуу Стамбул-Бишкек багытындагы каттамдар токтотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттамдар күн ачылганда жандандырылат. Ага чейин авиакомпаниялар жүргүнчүлөр үчүн тамактануу жана убактылуу жайгашуу уюштурууда.