“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту тарыхта биринчи жолу 100 миңинчи жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майдандынбасма-сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, мааракелик жүргүнчү бүгүн Москвага учуп кетти. Ага белектер менен биргеликте Россиядан Кыргызстанга кайтууга акысыз билет тапшырылды.
Белгилеп кетсек, «Ысык-Көл» аэропорту буга чейин жайкысын, туристтик сезон учурунда гана иштеп келсе, былтыркы жылдан тарта жыл бою кардар тейлөөгө өткөн.