Нур-Султан — Бишкек аба каттамы 17-ноябрдан тарта жанданат

Нур-Султан — Бишкек аба каттамы 17-ноябрдан тарта жанданат.

 

Маалыматка ылайык, каттамдар шаршемби жана жекшемби күндөрү, ал эми декабрдан тарта дүйшөмбү жана жума күндөрү дагы аткарылат.

 

Бишкекке учуп келе турган жүргүнчүлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары, транзиттик жүргүнчүлөр жана 6 жаштан жогорку балдар 72 сааттын ичинде ПЦР анализинин терс натыйжасы бар күбөлүк көрсөтүшү керек. Бул талап эмдөө курсун толук аяктаган жүргүнчүлөргө тиешеси жок.