Кыргызстанда шайлоочулардын саны барынан Ош шаарында жана облусунда көп.
novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдиргендей,
аймакта добуш берүүгө укугу бар 900 миң адам эсептелет. Андан кийин Жалал-Абад
облусу 686 миң жана Чүй облусу – 609 миң адам менен турат. Ал эми Бишкекте каалаган
талапкерине добуш бере ала турган 428 миң адам бар. Эске салсак,
шайлоочулар тизмесинде жалпысынан 3 миллиондон ашык адам бар