Кыргызстанда пенсиянын көбөйүшү күтүлүүдө

Кыргызстанда пенсиянын көбөйүшү күтүлүүдө.

Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, төлөмдөр 200 сомдон 500 сомго чейин өсөт. Бул максатта

700 миллион сом каралды. Тиешелүү сунуш министрлер кабинетине берилди.

Учурда документ каралууда. Алиев белгилегендей, өлкөдө пенсияга чыгуунун

жаш курагын көтөрүү пландалган жок. Учурда аялдар 58 жаштан баштап,

эркектер 63 жаштан тартып пенсия ала алышат.

Республикада жалпысынан 720 миң пенсионер бар.