Кыргызстандыктар үчүн Россияга кирүү эрежеси өзгөрөт

Кыргызстандыктар үчүн Россияга кирүү эрежеси өзгөрөт. Бул тууралуу биздин өлкөдөгү аталган мамлекеттин элчилигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык,  10-июлдан тарта кыргызстандыктар жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары “COVID-19 жок саякаттайм” тиркемеси аркылуу ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Ал соңку 3 күн аралыгында жасалган болушу керек.

 

Эске салсам, “COVID-19 жок саякаттайм” тиркемесинен колдонуучулар коронавируска анализ тапшыруу үчүн жакынкы лабораториялардын даректерин билип, жыйынтыкты QR-код аркылуу телефонго эле ала алат.