Бишкекте 17-апрелде Интергельпо көчөсү оңдоо иштерине жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, калыбына келтирүү жумуштары анын Кең-Суу – Дэн Сяопин тилкесинде жүргүзүлөт.
Айдоочуларга альтернативалык вариант катары Пишпек жана Фучик көчөлөрү сунушталат. Эске салсак, оңдоо иштери “Бишкек көчөлөрүнүн жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында, Кытай грантынын эсебинен аткарылат.