Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен сертификаттар болжол менен 25-июнда тапшырылат

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен сертификаттар болжол менен 25-июнда тапшырылат. Бул тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.

 

Жыйынтыктар адатта бизде тест тапшыргандан кийинки 1 айда даяр болот. Эгерде биз майдын 23нөн 28ине чейин тестти кабыл ала турган болсок, анда июндун 25ине бүтүрүүчүлөрдүн акыркы кечеси болот го, ошого даярдап коебуз, аттестат алганда кошо, быйыл деле ошол учурга даярдайбыз

 

Белгилеп кетсек, жогорку окуу жайлардын басымдуусу абитуриенттерди бир гана жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алат.