“Акылдуу эсептегичтер” өлкөнүн бардык керектөөчүлөрүнө 2024-жылга чейин орнотулат

“Акылдуу эсептегичтер” өлкөнүн бардык керектөөчүлөрүнө 2024-жылга чейин орнотулат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

 

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстан боюнча 215 миң эсептегич онотулган. Быйыл дагы 300 миңди орнотуу пландалып жатат. Аталган шаймандар электр энергиясы үчүн карызы бар керектөөчүлөрдүн жарыгын аралыктан өчүрүп коюуга шарт түзөт.