Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандардын саны азаюуда

Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандардын саны азаюуда. Республикалык иммунопрофилактика боюнча борбордун маалыматына караганда, 10-майга карата аталган ооруну жуктургандардын саны 9 миң 509 адамды түздү

 

. Илдетке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталган.

 

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелер түрдүү себептер менен балдарды эмдетүүдөн баш тартканы себеп болгонун айтып келет.