Бишкектин бир катар бала бакчалары жакынкы арада иштеп баштайт

Бишкектин бир катар бала бакчалары жакынкы арада иштеп баштайт. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Биринчи Май жана Свердлов райондорундагы 14 мектепке чейинки билим берүү мекемеси иштеп жатат.

 

Октябрь жана Ленин райондорундагы бала бакчалар бөбөктөргө эшиктерин алдыдагы күндөрү ачат. Учурда аларга азык-түлүк жеткирүү иштери жүрүүдө.