Бишкекте Биринчи май районунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Чектөөлөр соттун чечими менен 22-апрелге чейин күчүндө болот. Мындай арыз менен Биринчи май районунун администрациясы кайрылган.
Анда Ала-Тоо аянтында жана Эски аянтта, Эркиндик бульварында митингдер көп болуп, шаар тургундарынын тынчын алып, транспорт кыймылына тоскоолдук жаратууда деп айтылат. 22-апрелге чейин митингдерди Максим Горький скверинде гана өткөрүүгө болот.