Чүйдөгү жер басып алуу аракети боюнча кылмыш иши козголду

Аламүдүн районуна караштуу Ленин айыл өкмөтүндөгү айдоо аянттарын басып алуу аракети боюнча кылмыш иши козголду.

Чүй облустук милициясы жарандарды жер ээлеп алууга чакырган адам кармалганын билдирди.

 

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун 28 жаштагы тургуну азыр милициянын убактылуу кармоочу жайында. Бул ишке катышы бар башка адамдар аныкталууда.

 

1-2-мартта Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Мыкан кыштагына чогулган топ турак жайга жер берүүнү талап кылган, анда айдоо жерлерин басып алуу аракети болгону да айтылган.

 

4-мартта жергиликтүү бир нече жашоочу жер басып алуу аракетин токтотууну талап кылып өкмөт үйүнүн алдында акцияга чыгышкан.