Калкты тейлөө борборлорунун көчмө бөлүмдөрү бүгүн иштеп баштады

Калкты тейлөө борборлорунун көчмө бөлүмдөрү бүгүн иштеп баштады. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, атайын кичи автобустар шаар жана айылдардын аянттарында же базарларынын кире беришинде турат.

 

Ал жерден биометрикалык маалыматты тапшыруу, каттоого туруу, паспортту алмаштыруу жана шайлоолор тууралуу зарыл маалыматты алуу кызматтары көрсөтүлөт. Көчмө борборлор 20-мартка дейре эртең мененки саат 10дон кечки 4кө чейин иштейт.