Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эртең убактылуу чектелет

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эртең убактылуу чектелет.

 

Кеп, анын Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат. Мэриядан билдиришкендей, 18-июнда бул жерде КМШ өлкөлөрүнүн катышуучулары арасында заманбап бий боюнча дүйнө чемпионатына тандоо туру өтөт. Чектөөлөр күндүзгү саат 4төн түнкү 11ге чейин күчүндө болот.

 

Айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландап алуу сунушталат.