Кыргызстандыктар жыл башынан бери унааны 11 эсе көп сатты

Кыргызстандыктар жыл башынан бери унааны 11 эсе көп сатты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 4 айда сыртка 2 миң 741 машина чыгарылган, ал эми өткөн жылы сатылган унаалардын саны болгону 266 болчу.

 

Экспорттолгон машиналардын көбүн Казакстан жана Россия жарандары сатып алган.