Өлкөдөгү кинотеатрлардын ачылышын Республикалык штаб чечет

Өлкөдөгү кинотеатрлардын ачылышын Республикалык штаб чечет.

Маданият министри Азамат Жаманкулов 24 агенттигине билдиргендей,

ведомство аталган мекемелерди ачуу боюнча сунушун берген.

Учурда тиешелүү документтин бары даяр турат. Акыркы чечим штабда калууда.

Эске салсак, мартта карантин киргизилгенде кинотеатрлар биринчилерден болуп жабылган.