Ордо калаада карантин тартибин бузгандарга айып эскертүүсүз салынат.
Рейддердин саны да көбөйтүлөт, — деди мэр Азиз Суракматов. Анын айтымында,
тиешелүү жетекчилерге Бишкектеги төрт райондо күн сайын текшерүүлөрдү жүргүзүү
тапшырмасы берилди. Базарларга, соода борборлоруна, коомдук транспорт жана
эл көп чогулган жайларга өзгөчө көңүл бурулат, — деди Суракматов.