Лионель Месси “ПСЖга” рекорддук киреше алып келди

Лионель Месси “ПСЖга” рекорддук киреше алып келди. Чет элдик спорт басылмалары жазгандай, клуб бул сезонду 700 миллион евро кирешеси менен жыйынтыктайт.

 

Мессинин “Пари Сен Жерменге” өтүшү клубга 11 жаңы демөөрчүнү тарткан. Алардан түшкөн жалпы киреше 310 миллион еврону түзөт. Бул сезондо клуб футболчулардын миллиондогон формасын сатты. Алардын 60 пайыздан ашыгына Мессинин аты жазылган.