Бишкекте дүйшөмбү, 31-январдан тартып 13 мектеп кадимки тартипте иштеп баштайт.
Мэриядан билдиришкендей, алар №17, 26, 88, 62, 6, 18, 4, 11, 12, 30, 32, 33 жана 38 мектептер.
Учурда балдар менен мугалимдердин коопсуздугу үчүн 23 мектеп убактылуу онлайн
форматта иш алып барууда. Андан тышкары, санэпидемиологиялык көзөмөл борборунун
көрсөтмөсү менен №135, 148 жана 61-бала бакчалар дагы убактылуу жабык.