Балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн катталган арыздардын саны 10 миңден ашты.
Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектен тышкары, 2020-21-окуу жылына балдарды
электрондук түрдө мектепке каттоо 6 шаарда ишке ашып жатат.
Алар Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок.
Арыз калтыруу үчүн балдары 1-класска барчу ата-энелер, mektep.edu.gov.kg
порталына катталып, тиешелүү документтерди толтурушу керек.
Каттоо 15-августка чейин уланат.