KEGOC компаниясы Борбор Азияда жарыктын жапырт өчүшүнүн себебин аныктады.
Эске салсак, 25-январда Борбор Азиянын бирдиктүү энергосистемасында алгачкы жолу
масштабдуу өчүрүү катталды. Компаниянын маалыматы боюнча, 25-январында саат
11:59да Өзбекстанда чукул туташуудан улам Сыр-Дарыя ГЭСинде алты энергоблок өчкөн.
Жалпысынан генерацияда жоготуунун көлөмү 1,5 миң МВтка жеткен. Бул Казакстандын
энергосистемасын эскертүүсүз үзгүлтүккө учураткан. Ал эми Казакстандын
энергосистемасы Өзбекстан жана Кыргызстандын системасы менен параллель иштейт.