Ушул жылы республикадагы 1-класстан 4-класска чейинки окуучулардын
тамактануусуна 555,5 миллион сом бөлүндү. Мындан сырткары Бишкек жана
Оштун жергиликтүү бюджетинен 200 миллион сом каралат. Мектептеги
ар бир баланын тамактануусуна күнүнө 7 сомдон бөлүнгөнү маалым.
Ал эми бийик тоолуу жана өлкөнүн алыскы аймактарындагы билим берүү
мекемелериндеги окуучуларга 10 сомдон бөлүнүп келет.