Бишкекте дагы бир калкты тейлөө борбору ачылууга даярдалууда

Бишкекте дагы бир калкты тейлөө борбору ачылууга даярдалууда.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, объекти Жибек-Жолу проспектисиндеги

соода борборунун базасында пайда болот. Борбор ачык кеңсе тибинде иштейт, жарандарга

андан кечки саат 10го чейин кызмат көрсөтүлөт. Учурда жеринде куруучулар иштеп жатат.

Күтүлгөндөй, мекеме апрелде ачылат. Кошумчаласак, бүгүнкү күндө ордо калаада

6 калкты тейлөө борбору жана 2 кичи түйүн иштеп жатат