Бишкекте дезинфекциялоо иштери талапка ылайык аткарылууда.
Мэриянын маалыматында, “Тазалык” ишканасынын 64 кызматкери
4 райондун көчөлөрү, тротуар, аялдама жана эс алуу жайларында
вирустун алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат. Жалпысынан 90 көчө,
850 аялдама дезинфекцияланды. Иштер тынымсыз уланып жатат.