Бишкекте дээрлик 2 миллион гүл отургузулат

Бишкекте дээрлик 2 миллион гүл отургузулат. Мэриянын маалыматына караганда, жазгы жоогазындардын ордун эми жайкы, түстүү петуниялар, сальвиялар, тагетес, алисум жана башка көптөгөн бир жылдык гүлдөрдун түрлөрү ээлейт.

 

Учурда аларды отургузуу Жаш Гвардия бульвары, Жеңиш аянты, “Дене тарбия” гүлбакчасы, Курманжан Датканын эстелиги жана “Уркуя” гүлбакчасынын жанында жүргүзүлүүдө.

 

Гүлзарлар улуттук оймо-чиймелер, ошондой эле символикалык даталар түрүндөгү ар түрдүү композициялар менен толтурулууда.