Чүй облусунун Сокулук районунда кошумча калкты тейлөө борбору ачылды

Чүй облусунун Сокулук районунда кошумча калкты тейлөө борбору ачылды.

Мекеме Новопавловка айылында Фрунзе көчөсү, 278 дарегинде жайгашкан, — деп

билдиришти Санариптик өнүгүү министрлигинен. Ага заманбап жабдуулар, видео

байкоо орнотулду. Борбордо калк электрондук кезек менен тейленет. Белгилеп кетсек,

Сокулук районунда 200 миң адам жашайт, буга чейинки мекеме кызмат көрсөтүүлөргө

жетишпей жатканынан улам жаңысын ачуу муктаждыгы жаралды.