Жалпы жарандык паспорттордун баасы айтылды

Жалпы жарандык паспорттордун баасы айтылды.

Жаңы үлгүдөгү документтер эки түрдүү болот, тагыраагы алар бири-биринен беттеринин саны менен айырмаланат.

Алсак, 34 беттен турган паспорт 857 сом турса, 50 беттен турган жеке документтин баасы 920 сомду түзөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынан белгилешкендей,  паспорт алууда банк комиссиясын төлөө керек,

андан улам документтин акыркы баасы 20-30 сомго кымбатыраак болушу мүмкүн. Кошумчаласак,

жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспортко документтерди кабыл алуу 3-майдан тартып башталат