Өлкөнүн 4 шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн өкмөт кредит алат

Министрлер кабинети Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан каражат алат. Сумма 18 миллион доллардан ашат, деп билдиришти Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен.

 

Маалыматка ылайык, акчанын бир бөлүгү насыяга, бир бөлүгү гранттык негизде берилет. Бул каражатка Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларын суу менен камсыздоону жакшыртуу пландалууда.

 

Насыяны бул шаарлардын муниципалитеттери төлөйт.