Бишкекте эки убактылуу эмдөө түйүнү эс алуу аймактарында ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Каалоочулар аларга кайрылып кытайлык Синофарм вакцинасын сайдыра алат.
Түйүндөр Курманжан датка эстелигинин жанында жана Ден-соолук паркынын аймагындагы медпунктта жайгашкан.
Жарандардын жанында паспорту болушу керек. Эмдөө түйүндөр күн сайын кечки саат 5тен 9га чейин иштейт.