Кувейттин экономикалык кызматташтык боюнча фонду Кыргызстан өкмөтүнө насыя катары дээрлик 30 миллион доллар бөлүп берет

Кувейттин экономикалык кызматташтык боюнча фонду Кыргызстан өкмөтүнө насыя катары дээрлик 30 миллион доллар бөлүп берет.

 

Каражат Ысык-Көл облусундагы шакекче жолдун Корумду – Балбай тилкесин калыбына келтирүүгө жумшалат.

 

Оңдоло турган трассанын жалпы узундугу 80,5 чакырымды түзөт. Министрлер кабинетинен ишендиришкендей, аталган жолду оңдоо менен Казакстан жана Кытай менен курортук аймактын байланышы жакшырат.

 

Андан тышкары, Россия – Казакстан – Кыргызстан – Тажикстан транзиттик каттамды түзүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот.